Парламенттин 21-майдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Нарын ГЭС каскадында иштер начар жүрүп жатканын билдирип, өкмөттөн мунун себебин сурады. Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев иштер жүрүп жатканын айтып, буларды билдирди: “Аймакка жумушчуларга шарт түзүү иштери жүрүүдө, жатакана, ашкана жана башкалар курулду. Бетон заводу салынды. Жакында каражаттын экинчи бөлүгү берилсе, иш жанданат”.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев айрым каржы маселелери чыгып калып, иштердин жүрүшү жайлап калганын айтты. Каражат бөлүнөрү менен реалдуу иштер баштала турганын кошумчалады премьер.
Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.