Асылбек Жээнбеков өлкө түштүгүнүн газсыз калышы боюнча күнөөлүү жетекчинин атын атоону өкмөт башчыга сунуштады

Парламенттин 21-майдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков өлкө түштүгүнүн газсыз калышы боюнча өкмөткө сунуш айтты. Анын билдиришинче, өкмөт кырдаалды элге туура түшүндүрүшү керек. “Сүйлөшүү жүрүп жатат” деген жооп жарабайт. “Бул жетекчинин иштебей коюшунан ушундай кырдаал келип чыкты. Ал жетекчи жоопко тартылат. Чыдап тургула, азыр кыш эмес. Силерди электр энергиясы менен камсыздап турабыз. Бирок маселени чечип, үзгүлтүксүз газ берүү болот, кечирим сурайбыз” деп конкреттүү жооп айтыш керек. Эл деле түшүнүп турмак”,- деди төрага.

Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан