Бишкекте жаш илимпоздордун конференциясы өтүүдө

Бишкекте бүгүн, 21-майда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “ХХI кылым илими: Жаңыча мамиле” аталышындагы жаш илимпоздордун ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференциясы өтүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган конференция Үзгүлтүксүз билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан уюштурулууда. Конференцияга республиканын бардык жогорку окуу жайларынын жаш окумуштуулары катышып жатышат.

Аталган иш-чара 10 секцияга бөлүнүп, 100дөн ашык илимий баяндамалардын окулуусу күтүлүүдө. Конференциянын жыйынтыгында мыкты илимий макалалар тандалып, резолюция кабыл алынат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
musi222
2014-05-22 21:13:25
ушундайй жыйындарды кобуроок уюштуруп турсаныздар кыргыздарданда илимпоздор чыгат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан