Бишкекте “таксистти өлтүргөн” деп шектелген жарандарды колго түшүрүүдө курал колдонулган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, үстүбүздөгү жылдын 6-май күнү Чолпон-Ата көчөсүндө Фольксваген унаасынын ичинен октон жараат алган адамдын жансыз денеси табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон жаран такси кызматында иштегени белгилүү болгон. Кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Канат, 24 жаштагы Максат, 28 жаштагы Улан аттуу жарандар кармалган. Кармоо учурунда 28 жаштагы Улан качууга аракет кылып, милиция кызматкерлери эскертүүчү ок чыгарып, курал колдонушкан. Шектүүлөр кармалган соң алардын жанынан тапанча жана октор табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, таксист шектүүлөрдөн алынган тапанчанын огунан каза болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Иликтөө жүрүп жатат.