Асылбек Жээнбеков белгилүү комузчу Самара Токтакунованын муктаждыгына өз фондунан акча бере турганын айтты

Парламенттин 21-майдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова Кыргызстанда "СССРдин Эл артисти" деген наамы бар 4 гана инсан калганын, аларга өмүр бою стипендия берип туруу демилгесин кайра көтөрдү. “Белгилүү комузчу эжебиз Самара Токтакунова жаштарга мурас катары калтыруу үчүн 45 мүнөттүк даректүү тасма тартууга колдоо көрсөтүүнү суранууда. Маданият министрлиги “бул биздин ишибиз эмес” деп жооп берди. Колдоо көрсөтүп койсок жакшы болот эле”,- деди Мамырова.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев сунушту колдой турганын билдирди.

Төрага Асылбек Жээнбеков “Маданият министрлигинин акчасы тартыш болуп жатса, 45 мүнөттүк тасма үчүн экөөбүз фонддон жардам берели” деп өкмөт башчыга кайрылды. Жоомарт Оторбаев макул болду.

Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан