Кыргызстанда быйыл кышында тоют жетишсиздиги болбойт. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана ветеринария бөлүмүнүн жетекчиси Сулайман Мамаев билдирди. Анын айтымында, 2011-жылдагыдай тоюттун тартыштыгы быйыл болбойт, анткени былтыркыга салыштырмалуу 5 пайызга тоют көп. “Быйыл фермерлер 821,38 миң тонна тоют камдашты”, - дейт Мамаев.