Дастан Бекешев: “Элге экономиканын өскөнү байкалган жок”  

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев республикадагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгын айтты. “Өкмөттүн отчётунда айтылган экономиканын өсүшү калкка байкалбай эле. Эл республикадагы инфляциянын өсүшүнө кабатыр. ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү жумушсуздуктун айынан чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болуп жатышкандыгын унутпашыбыз зарыл”,- дейт Бекешев. 

Бишкек ЖЭБинин жаңыланышы күтүлүп жатканын, бирок жылуулук өткөрүүчү түтүктөрдүн 73 пайызы иштен чыгып, оңдоп-түзөөгө жана алмаштырууга муктаж экенин кошумчалады депутат. Парламентте бүгүн, 2013-жыл боюнча өкмөттүн отчёту каралууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан