Депутаттар өлкөдөгү долбоорлорду ишке ашырууда консультанттарга ашыкча акча жумшалып жатканын айтышты
Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева эл аралык каржы уюмдарынын насыяларынын эсебинен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун консультанттарынын айлыгына ашыкча акча жумшалып жатканын айтып чыкты. “Мисалы, азыр Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы суу ресурстарын башкаруу боюнча эки долбоорду каржылоодо. Келишимге ылайык, долбоорду техникалык жактан тейлөөгө насыянын 4 миллион доллары жумшалат экен. Консультанттардын арасында 350 миң долларга чейин маяна алгандар бар. Алардын көбү чет өлкөлүк адистер. Демек, алар берген акчасын кайра алып кетип жатышат. Менимче, бул багытта кескин чараларды көрүү зарыл”,- дейт депутат. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул маселени чечүү жаатында иш-чаралар көрүлүп жатканын билдирди. “Насыя берүүчү жактын талабы ошондой. Консультант катары жогорку адистиктеги адамдар тартылып, алар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап, анын ишке ашырылуу жүрүмүн көзөмөлдөйт. Бул маселени сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чечүү аракетин жасоо керек. Колдон келсе, андай долбоорлорго жергиликтүү адистерди тартуу зарыл”,- деди премьер.