Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Чыңгыз Айтматов атындагы “Эл аралык Ысык-Көл форуму” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен жолугушту.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, анда өлкөнүн коңшу мамлекеттер менен болгон чек ара аймактары тууралуу маселе талкууланды.
Форум мүчөлөрү Баткен облусундагы акыркы конфликтке байланыштуу өздөрүнүн бушайман болгондугун билдиришти. Эки мамлекеттин элдеринин ынтымагын жана достугун тереңдетүү максатында форум жетекчилери Ысык-Көл жээгинде, Баткен жергесинде жана Тажикстанда иш-чара өткөрүүнү улантуу тууралуу билдиришти. Вице-премьер форум мүчөлөрүнүн бул демилгесин колдоого алды.
Буга байланыштуу өкмөт аппаратынын профилдик бөлүмүнө Чыңгыз Айтматов атындагы “Эл аралык Ысык-Көл форуму” менен бирге иш-чараларды уюштуруу планын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.