Былтыр өлкөдө социалдык мекемелерди курууда тендерди мыйзамсыз өткөрүү боюнча 13 факты катталган

Былтыр өлкөдө социалдык мекемелерди курууда тендерди мыйзамсыз өткөрүү боюнча 13 факты катталган. Муну бүгүн, 21-майда ЖКнын жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин башчысы Турдубек Мамбетов билдирди. “13 факты аныкталып, аларга кайрадан тендер жарыяланган. 2 факты боюнча атайын комиссия иликтеп, мыйзам бузуулар болбогону боюнча жыйынтык чыгарышкан. Булар Баткен жана Ош облусундагы орто мектептердин курулушуна байланышкан фактылар”,- деп билдирди Мамбетов. 

Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан