"Ататүрк" сейил багында жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары электр жарыгына болгон карыздарын жапырт төлөй башташты. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда “Түндүк электр” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, буга журналисттерге байланышкан окуя коомдук резонанс жаратканы таасирин тийгизбей койгон жок.