Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында депутат Абдыжапар Бекматов өлкө түштүгүнүн газсыз калышына күнөөлүү адамды жазалоону өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге сунуштады. Айтымында, өлкөгө газ алып келүү боюнча өкмөттүн бир өкүлү Өзбекстанга барышы зарыл. “Телефон чалсак жооп бербесе, кат жазсак жооп келбесе, анда эмне кылыш керек? Өкмөттүн бир өкүлү барып Өзбекстанга жатып алышы керек. Өлкө түштүгүнүн газсыз калышына күнөөлүү адамга өкмөт чара көрбөсө, өкмөткө парламент чара көрүшү керек болот”,- дейт депутат.
Премьер-министр көйгөйдү чечүүгө бардык аракет жумшалып жатканын айтты.