Кыргызстанда былтыр 213 чакырым жолго асфальт төшөлгөнү айтылды

Кыргызстанда былтыр 213 чакырым жолго асфальт төшөлгөнү айтылды. Муну ЖКнын 21-майдагы жыйынында транспорт жана коммуникация министринин өкүлү билдирди. Анын билдиришинче, былтыр 166 чакырым жолго шагыл төшөлгөн. “2013-жылы өлкөдө 6 көпүрө оңдолду”,- деди министрликтин өкүлү. 

Каржы министри Ольга Лаврова Транспорт жана коммуникация министрлигинин бюджети 9 миллиард сом экенин маалымдады.

Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан