Кыргызстандагы 22 оорукананы оңдоого байланышкан гранттык келишимди парламент 1-окууда кабыл алды
Парламенттин 21-майдагы жыйынында Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык келишимдин долбоору 1-окууда колдоого ээ болду. Буга чейини саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева билдиргендей, Дүйнөлүк банк келишим алкагында 11 миллион 963 500 доллар бөлүүдө. Бул акчага өлкөдөгү 22 оорукана оңдолот. Ал эми кайсы райондордун ооруканалары оңдоло турганын атайын түзүлгөн комиссия аныктап чыгат.