Бишкекте сыра жасоочу көмүскө цех ачыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда билдирди. Белгилүү болгондой, Салык кызматы, Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы менен биргеликте контрафакттык алкоголдук ичимдиктерин аныктоо боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө “СТ-Трейд” ЖЧКсына таандык имараттан тиешелүү документтери жок 2 миң литр сыра жана 3 миң литр спирт табылган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган цех бир айдан бери мыйзамсыз иштеп жаткан. КРнын мыйзамдарына ылайык, бул факт боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрү белгилүү болду.