Кара-Балтада жайгашкан "Жунда" заводундагы абалды экологдор изилдеп жатышат
Жогорку Кеңеште бүгүн, 21-майда өкмөттүн 2013-жылдагы иши тууралуу премьер-министрдин отчётун угуу учурунда депутат Туратбек Мадылбеков Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун ишке киргизүүгө ким уруксат бергенине кызыкты. Айта кетсек, жергиликтүү калктын нааразычылыктарынан кийин завод убактылуу токтотулган. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев "Жунда" ишканасы толук иштебей жатканын билдирди. Ал эми биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев экологиялык абалды иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, аймакка экологдор жөнөтүлгөнүн кошумчалады. "Аймактагы экологиялык абал дыкат иликтенип чыгып, мыйзам талаптары толук сакталууда. Көзөмөлдөөчү инспекция ишкана жетекчилигине экологиялык талаптардын бузулушун жоюу жаатында бир катар көрсөтмөлөрдү берген. Азыр экологиялык коопсуздук чаралары көрүлүп жатат",- дейт Сарпашев. Мадылбеков чет өлкөлүк инвесторлор өлкөнүн мыйзам талаптарын сыйлоого тийиш экенин белгилеп, "Жунда" заводу экологиялык көйгөйлөр биротоло чечилгенге чейин иштебей турса болмок. Көзөмөлдү дагы күчөтүү зарыл",- деп билдирди.