Ош шаарында кытай жумушчулары убактылуу жашап жаткан мейманкананы кайтаруу күчөтүлдү

Ош шаарында Куршабдагы кытай жумушчуларын жайгаштырган мейманкананы кайтаруу күчөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык ИИББнин башчысы Сүйүн Өмүрзаков маалымат агенттиктердин бирине билдирди. Анын айтымында, бүгүн ал кытай компаниясынын жетекчилери менен жолугушкан. “Мен аларга эч ким кытайлыктарды күнөөлөбөйт, изилдөөнүн жыйынтыгында ким күнөөлү экендиги аныкталат. Бирок чет элдиктер да rайжерде жашаса анын мыйзамын сактоо керектигин, каада-салтын сыйлоосу керектигин түшүнүүсү керек”,- деп айткан өз билдирүүсүндө Өмүрзаков. Коопсуздукту сактоо максатында кытайлар убактылуу жайгашкан “Пекин” мейманканасына күчөтүлгөн режимде кайтарылууда. Эске салсак, 8-январда Өзгөн районунун Куршаб айылында жергиликтүү калк менен кытай жумушчуларынын ортосунда масалык муштуш чыгып, 28 киши денесинен ар кандай жарааттарды алышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан