Кыргызстанда айымдарды сойкулукка тарткандар 8 жылга чейин эркинен ажыратылат

Кыргызстанда айымдарды сойкулукка тарткандарды 8 жылга чейин эркинен ажыратууга жол ача турган мыйзам кабыл алынды. Мыйзам долбоору парламенттин 21-майдагы жыйынында добуш берүүгө коюлуп, ага 80ден ашык депутат "макул" деп добуш берди.

Мыйзамга ылайык, күч колдонуу же коркутуу, опузалоо, мүлкүн жок кылуу же алдоо жолу менен айымдарды сойкулукка тарткандар 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми мындай иштер уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, алардын мүлкү конфискацияланып, өздөрү 5 жылдан 8 жылга чейин кесилмекчи.

Мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан