Парламент “Өрт коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент” тууралуу мыйзам кабыл алды

Жогорку Кеңеште бүгүн, 21-майда өлкөдөгү өрт коопсуздугун алдын алууга багытталган “Өрт коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент” тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынды. Буга чейин демилгечилер курулуш технологиялары, курулуштардын техникалык талаптары, аларды көзөмөлгө алуу усулдары өзгөрүп жатканын айтышып, өрткө техникалык көзөмөл кылуу милдети азыр Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясында болгондуктан, техникалык регламент толук иштебей жатканын билдиришкен. Жаңы регламентте өрттүн алдын алуу чаралары менен көзөмөл жүргүзүү милдеттери экиге бөлүнөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан