Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык чечими менен 2014-жылдын 1-кварталындагы жыйынтыгы боюнча 59 жетекчи жана орун басарларына МСКнын жетекчилиги тарабынан дисциплинардык сөгүш берилди. Тиешелүү буйрукка Салык кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Замирбек Осмонов кол койду. Муну аталган мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда билдирди.
Маалым болгондой, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги тарабынан сөгүш алган жетекчилерге ар бир ай аралыгында болжолдонгон планды аткарбаса, жумуштарынан бошотулары тууралуу эскертүү берилди.
Эскерте кетсек, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө 2014-жылдын январь-апрель, 4 айынын ичинде эле 2 миллиард сомдой салык жыйналбай калганын айтып, Салык кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Замирбек Осмоновго талаптарды катуу койгонун билдирди.
Мамлекеттик салык кызматы катуу сөгүш алган башкармалык жетекчилеринин тизмесин көрсөттү.
1. М.Абылгазиев - МСКнын эркин экономикалык аймактарды көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
2. А.Каримов - МСКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
3. Б.Садиров - МСКнын Бишкек шаарынын Ленин райондук башкармалыгынын жетекчиси;
4. Ч.Кеңешова - МСКнын Бишкек шаарынын Октябрь райондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
5. К.Халилов - МСКнын Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
6. Ж.Турганбаев - МСКнын салыктык карыздарды өндүрүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;
7. М.Молдобеков - МСКнын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
8. А.Асанбеков - МСКнын Каракол шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
9. Т.Алмурокова - МСКнын Түп району боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
10. Т.Ажиев - МСКнын Балыкчы шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
11. М.Намазбеков - МСКнын Майлы-Суу шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
12. М.Сагинбаев - МСКнын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
13. М.Исмаилов - МСКнын Ала-Бука району боюнча башкармалыгынын жетекчиси;
14. Э.Жамашев - МСКнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары.