Кыргызстандыктар эл аралык деңгээлде 148 өлкөдө таанылган International Computer Driving License (ICDL) компьютердик стандарттардын сабаттуулугу боюнча укукка ээ боло алышат. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын №16-лицейинде эртең International Computer Driving License (ICDL) компьютердик стандарттардын сабаттуулук боюнча тестирлөө борборунун ачылыш аземи өтмөкчү. “Компьютердик сабаттуулук боюнча сертификат жумушка орношууда артыкчылыкка ээ боло алат. Ошондой эле эл аралык программаларга катышууга бир катар жеңилдиктерге өбөлгө боло алат”,- деп билдирет басма сөз кызматынан. Маалыматка ылайык, аталган тестирлөөдөн мектеп окуучулары, студенттер жана ар кайсы багыттагы адистер өтө алышат. Тест онлайн режиминде тапшырылат. Ошондой эле тесттен өтүүнү каалагандар тиешелүү даярдыктардан да өтө алышат. Кесипкөй техникалык билим алуу жаатында “GIZ” программанын колдоосу менен аймактарда эл аралык талапка ээ болгон жабдуулар менен камсыздалган 10го жакын тестирлөө борборлору иш алып барууда.
|