"Баңгизатын сатуу менен алектенип жүргөн" деген шек менен Чүй облусунун жашоочусу кармалды

"Баңгизатын сатуу менен алектенип жүргөн" деген шек менен Чүй облусунун жашоочусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, укук коргоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында баңгизаттарын сатуу менен алектенип жүргөн Чүй облусунун жараны аныкталган. Аталган жаран уюшкан кылмыштуу баңги тобунун активдүү мүчөсү экени маалым болгон. Кийин укук коргоо кызматкерлери, баңгизаттары сатылып жаткан даректи аныктап чыгышкан соң, ал дарек боюнча издөө иштери жүргүзүлүп, сатууга даярдалган целлофан баштыкчаларындагы гашиш жана героин табылган.

Аталган окуя боюнча учурда кылмыш иши козголуп, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды кармоо жана баңгизаты келүүчү жолдорду аныктоо боюнча иш-аракеттер жүрүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан