Баткенде 7-майда болгон чатакка күнөөлөп Тажикстан 6 адамды кармады  

Баткенде 7-майда болгон кыргыз-тажик жарандарынын чатагы боюнча Тажикстан 6 жаранды кылмышка шектүү катары кармап, аларды жоопко тартканы жатат. Муну парламенттин 21-майдагы жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Айтымында, аталган окуяда келтирилген кыргызстандыктардын чыгымын тажик тарап төлөп берет.

“Баткенде 7 майда болгон жаңжалга шектүү катары тажик тарап 6 адамды кармап, камаганын Баткен облусунун бийлигине кечээ кечинде билдириптир. Аларга чара көрүлө турганын айтыптыр. Окуяда келтирилген 7 миллион сомдук чыгымды да төлөп бере турганын билдириптир”,- деди Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан