Ташиевдин жактоочусу: "Аида Салянованын үстүнөн арыз жазам"

"Эгер атайын түзүлгөн комиссия мени жактоочулук укугумдан ажыратса, сотко кайрылам". Бул пикирди бүгүн, 10-январда депутат Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. Айтымында, Башкы прокуратуранын аны жактоочулук лицензиясынан ажыратуу маселеси мыйзамсыз негизде жүргүзүлүп жатат. Бул боюнча башкы прокурор Аида Салянованын үстүнөн арыз жазат. Эске сала кетсек, Башкы прокуратуранын сунуштамасынын негизинде КРнын Адилет министрлигинде 5 адамдан турган комиссия түзүлүп, ишти териштирүүдө. Айткулов "Камчыбек Ташиевдин тергөө аракеттерин бузуп, негизсиз, такталбаган билдирүүлөр менен коомчулукту чаташууга алып келди. Жактоочулук этиканы сактабады" деп айыпталууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан