22-майда Бишкектеги К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында шаардык мэриянын алдындагы №10-балдардын музыкалык мектеби өзүнүн мааракелик концертин берет.
Белгилүү болгондой, концерт мектептин 50 жылдык мааракесине арналат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
“Концерттик программада мектептин окуучулары жана бүтүрүүчүлөрү таланттарын тартуулашат. Алар борбордун мэриясынын Чоң симфониялык оркестри менен биргеликте ойношот. Ошондой эле фольклордук, комузчулар ансамблдери жана башкалар катышышат”,- деп билдиришет уюштуруучулар.