Беларустун Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Виктор Денисенко Ысык-Көл облусунун Үч-Кайнар айылында өткөн Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Жумаш Асаналиевди эскерүү иш-чарасына катышты.
Маалым болгондой, иш-чара Ж.Асаналиевдин атындагы мектепте өттү. Беларустун элчиси аталган окуу жайга 2 компьютер, принтер жана башка керектүү жабдууларды белек катары берди. Окуучулар жана мугалимдер өз кезегинде ага ыраазычылыгын билдиришти. Иш-чара концерт менен уланып, Ж.Асаналиев атындагы музейге баруу менен аяктады.
Бул тууралуу бүгүн, 21-майда аталган облустагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.