“Өнүгүү-Прогресс” партиясы: Нарын облусунун дыйкандарын сугат суу менен камсыздоо жакшыртылат

Жазгы талаа иштери Кыргызстандын бардык аймактарында кызуу жүрүп жаткан учурда “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы Нарын облусунун дыйкандарынын сугат суу менен камсыздоо көйгөйүн чечип берүүдө. Бул максатта тоолуу Ак-Талаа жана Тянь-Шань райондоруна экскаваторду атайын унаага жүктөп жеткирүү уюштурулду.

Алыскы райондордо керектен чыгып калган суу каналдарын, арыктарды калыбына келтирип, жаңыларын да ишке киргизүү жумуштары башталууда. Жалпы эсеп менен узундугу 34 чакырымды түзгөн арык жана каналдар тазаланып, айрым учурда жаңыдан казылмакчы. Суу дың жерлерди иштетүүгө багытталат.

Жер иштетүүнү өркүндөтүп-өнүктүрүү – жалпысынан мал чарбачылыгы менен белгилүү болгон Нарын облусундагы “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын негизги максаттарынын бири. 

«Учурда эл жер иштетүүгө өтө баштады. Себеби “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын арты менен бизде МТС ачылып, жаңы айыл чарба техникасы келген. Жер иштетип эмгектенүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк пайда болду. Эл пайдасын көрүп, турмушун оңоп аларына көзү жетип калды. Мен уккандай, районубузда өндүрүштүн толук циклин түзүү планы бар экен, ал – ун өндүрүүчү комбинат”,- дейт Нарын облусунун ишкерлеринин бири Азат Айнабаев.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жалпысынан 1200 гектардан кем эмес, мурун иштетилбеген дың жерди өздөштүрүү максаты алдыга коюлган. Мындай кадамдар жергиликтүү дыйкандардын өздөрү өндүргөн айыл чарба продукциясы менен камсыз болушуна зор салымын кошот.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан