Парламентте бүгүн, 21-майда өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда. Жыйында депутаттар өлкө түштүгүнүн газсыз калышына күнөөлүү жетекчилерди жоопко тартуу керектигин билдиришти. Суроого жооп берип жатып Тайырбек Сарпашев буларды айтты: “Ош шаарына барып, активдер менен жолугушуп келдим. Газ боюнча түзүлгөн кырдаалды түшүндүрдүм, өкмөттүн атынан элден кечирим сурадым. Бул маселе жакында чечилсе, майтарылгыс болуп чечилерине үмүт кыларымды билдирдим”.