Курулушу 80 пайызга бүткөн мектептерди аягына чыгаруу пландалып жатканын айтты өкмөт башчы

Жогорку Кеңеште бүгүн, 21-майда өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда. Жыйында депутат Чыныбай Турсунбеков "Мындан 10-15 жыл мурун башталган мектептердин курулушу ушул кезге чейин бүтпөй жатат. Ошол эле учурда капиталдык салымдарга кирген объектилердин тизмесине долбоору түзүлбөгөн мектептердин курулушу киргизилип жатат. Ушул туурабы?" деп суроо берди. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Турдубек Мамбетов капиталдык салымдардын тизмесине 32 объектинин курулушу киргизилгенин, маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралганда ал сан 47ге чейин көбөйүп кеткенин билдирди. "Тизмеге кирген айрым долбоору жок мектептердин долбоорун түзүп, алардын курулушуна тендер жарыялоого туура келди. Ошондон улам айрым мектептердин курулушу кечеңдеп жатат",- дейт Мамбетов. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев курулушу 80 пайызга бүткөн мектептерди аягына чыгаруу пландалып жатканын билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан