Кыргызстандын ички иштер министри автокырсыктардын негизги себептерин атады

Кыргызстанда автокырсыктарга көбүнчө рулу оң жагында жайгашкан автоунаалар себепкер болууда. Муну парламенттин 21-майдагы жыйынында ички иштер министри Абдулда Суранчиев билдирди. Министр жол кырсыктарынын болушуна көп таасир этет деп жогорку ылдамдыкты, жол белгилери жок аймактарды жана жолдордун начар абалын атады. “МАИ кызматкерлерин түздөн-түз облустук ИИБге баш ийгендей кылып жатабыз. Аймактагы жетекчилерди ошолор дайындайт. Анан да “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашырылганы жатат”,- деди министр. 

Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан