Кыргызстанда 2013-жылы 3600 эне “Баатыр эне” наамын алды. Муну парламенттин 21-майдагы жыйынында социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Министр энелерге күбөлүктөр берилгени менен, төш белгилери тапшырыла электигин айтты. Айрым депутаттар орден чыгарууга 30 миллион сом жумшаларын айтып, буга каражат бөлүп берүүнү өкмөткө сунушташты.
Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.