Аба ырайы, 22-май: Өлкөнүн тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт

22-майда өлкөнүн тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын секундасына ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +20°C, түнкүсүн +7°C

Талас облусу. Күндүз +19°C, түнкүсүн +5°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +27°C, түнкүсүн +13°C

Баткен облусу. Күндүз +25°C, түнкүсүн +11°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +18°C, түнкүсүн +6°C

Нарын облусу. Күндүз +19°C, түнкүсүн +5°C

Бишкек шаары. Күндүз +19°C, түнкүсүн +6°C

Эскертүү!

2014-жылдын 20-22-май күндөрү өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы +15°С болсо, тоолуу райондордо 0°Сге чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Ошондой эле түнкүсүн Кемин, Талас өрөөндөрүндө, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде абанын температурасы 0°Сге барабар болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге жана жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurkasym-2014
2014-05-22 08:21:20
Ушуктон кудай сактасын бирок Ыссык-Колго жаан керек болуп турат.Кудайым элдин тилегин берип жаан жаап койсо жакшы эле болот эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан