Парламент депутаты Эсенгул Исаков 7-майда Чүйдүн Кемин районунда жүргөн селге байланыштуу депутаттарга кайрылуу жасады. Исаков өз сөзүндө Кемин району каржылык колдоого муктаж экенин билдирди.
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Кемин районундагы селдин кесепетин жоюу жаатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын, жергиликтүү калкка азык-түлүк жана материалдык жардамдар берилип, кыян жууган 170 гектар айдоо жер кайра себилгенин айтты. "Азыр селден улам бузулган үйлөрдүн абалы иликтенүүдө. Ал такталган соң жабыр тарткан үй ээлерине материалдык жана каржылык көмөк көрсөтүлөт",- деди Сарпашев.
Исаков депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүн бир күндүк эмгек акыларын которуп берүүгө, бардык жарандарды селден жабыр тарткан Кемин аймагынын жергиликтүү тургундарына колдоо көрсөтүүгө чакырды.