Бишкекте “Коррупцияга каршы күрөшүү саясатын алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду” аттуу Эл аралык конференция өтөт

Бишкек шаарында 2014-жылдын 9-10-июнь күндөрүндө “Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду” аттуу Эл аралык конференция өтөт. Муну 21-майда ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 

Конференциянын максаты – Жогорку Кеңештин депутаттары менен Орусия, Казакстан, Молдова, Грузия, Монголия, Индонезия, Канада, Йемен жана башка өлкөлөрдүн парламент өкүлдөрүнүн ортосундагы пикир алмашууну ишке ашыруу.

“Кыргызстандын коррупцияга каршы күрөшүүнүн улуттук системин өркүндөтүү маселелеринде эл аралык коомчулук менен ачык жана конструктивдүү диалогду колдоо. Ага өзгөчө маани берилерин көңүлгө алуу менен аталган конференция коррупцияга каршы күрөшүү жаатында дүйнө өлкөлөрүнүн депутаттарынын ортосундагы өз ара кызматташуусу үчүн баарлашуу аянтчасы болот”,- дешет уюштуруучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан