Сүрөтчү Рахат Итикеевдин “Сезимдеги вакханалия” аттуу жеке көргөзмөсү өтүүдө (фоторепортаж)  

Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде сүрөтчү Рахат Итикеевдин “Сезимдеги вакханалия” (вакханалия - баш аламандык, ашкан тартипсиздик) аттуу жеке көргөзмөсү өтүүдө.

Көргөзмөгө 70тен ашуун живопись, графика, перфоманс багытында тартылган эмгектер коюлган. Эмгектеринин арасынан кийизге тартылган сүрөттөрдү да көрүүгө болот.

Рахат Итикеевди заманбап дүйнөнүн глобалдуу көйгөйлөрү: экология, адам баласына жабышкан рак, СПИД дарттары, саясат, терроризм, интеграция өңдүү маселелер түйшөлтөт.

Сүрөтчү республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдө ар түрдүү жанрдагы эмгектерин тартуулап, өзүн көрсөтүп келет.

Рахат Итикеев 1966-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Бирлик айылында туулган. 1995-жылы Каракол шаарындагы К.Тыныстанов университетинин көркөм сүрөт-графика факультетин бүтүргөн. Белгилей кетсек, ал Кыргызстандагы Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Мэри
2014-05-21 19:41:22
Баарынан да кирпи сонун экен )))
0
AZIK01
2014-05-21 19:51:16
"вакханалия”-дегени эмне экен.

"Кузгу букет" деген эмгеги жакты.
+1
Dalil
2014-05-21 20:36:31
Баарынан да аты укмуш экен.
0
mi-li-na
2014-05-22 01:15:20
Ооба кузгу букети мага да жакты... Журогундо башкача бир сезим болот экен...
0
Begim8678
2014-05-22 09:20:47
Гастарбайтер оригинально болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан