Жылнаама, 22-май: Мындан 97 жыл мурун Үркүндө Кытайга качкан кыргыздар кайра Кыргызстанга көчүп келе башташкан

* Мындан 97 жыл мурун, 1917-жылы падышалык бийликтин саясатына каршы чыккан 1916-жылкы көтөрүлүштүн айынан Кытайга качкан кыргыздар кайра Кыргызстанга көчүп келе башташкан. Жер которгон кыргыздардын саны 100 миң чамалап, алар Пишпек жана Пржевальск уезддерине жайгаштырылган. Качкындар үчүн курулган атайын комиссия аларга үй-жай бөлүп берүү жана алгачкы жардам көрсөтүү сыяктуу маселелерди чечкен. Качкындар маселеси жана аларды жайгаштыруу ишин Убактылуу өкмөт өкүлдөрү менен Ташкент кеңешинин депутаттары аткарышкан.
* Мындан 100 жыл мурун, 1914-жылы советтик курал-жарак боюнча конструктор, айтылуу Макаров тапанчасын жасап чыккан Николай Макаров туулуп, 1988-жылы 14-майда 73 жаш курагында Тулада каза болгон. 
* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы Индиянын Мангалор шаарынын аэропортуна конордо Боинг-737 учагы тилкеден чыгып, күйүп кеткен. Учакта болгон 166 кишинин жетөөсү гана тирүү калган.
22-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан