Премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Российская газета” басылмасынын башкы мүдүрү Павел Негоица менен жолугушту. Муну бүгүн, 22-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Орусия бийлигинин расмий басылмасынын Советтер Союзунан кийинки мейкиндиктеги интеграциялык процесси, Орусия менен өз ара кызматташтык, Кыргызстандын Бажы жана Евразия биримдигине кирүү ниетине байланышкан суроолоруна жооп берди.
Жоомарт Оторбаев белгилегендей, жакынкы убактарда Бажы биримдигине кирүү республика үчүн приоритеттүү, себеби экономика менен жашоо деңгээли жакшырат. Премьер-министр министрлер кабинети тобокелдиктерди болушунча кыскартууга аракет кылып жатканын айтты.
“Российская газета” басылмасынын башкы мүдүрү Павел Негоица өкмөт башчы менен жолугушуу үчүн атайын Бишкекке учуп келген.