Өткөн суткада өлкө боюнча 10 өрт кырсыгы катталды. Бишкекте 10 батирлүү барак тибиндеги турак үйдүн чатыры күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көлдө 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 3, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы болгон. 

Бишкекте Айни көчөсүндө 10 батирлүү барак тибиндеги турак үйдүн жыгач устундуу, темир менен жабылган 250 чарчы метр чатыры, 16 чарчы метр кире бериши күйгөн. Кырсыктын себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан