Асылбек Жээнбеков газ жок учурда Ош шаарында светти өчүргөн жетекчилерди жоопко тартууну өкмөт башчыга сунуштады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков газ жок учурда Ош шаарында светти өчүрүп жаткан жетекчилерди жоопко тартууну өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге сунуштады. Муну төрага парламенттин 22-майдагы жыйынында билдирди. “Ош шаарында учурда газ жок. Кечээ айтылган, шаардыктарга электр энергиясы үзгүлтүксүз берилиши керек. Тамак-аш кылууга электр плитасын пайдаланууга уруксат беришибиз керек. Бирок Ош шаарында пландык оңдоо деп светти өчүрүп жатышыптыр. Бул эмне дегендик, пландык оңдоосун токтотуп турса болот да? Тийиштүү жетекчилерди жоопко тартыңыз”,- деди төрага. 

Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан