Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринен “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун адабияттары табылды

Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринен “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун адабияттары табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-майда билдирди.

Келип түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында Ысык-Көл ОИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Каракол шаарынын 28 жаштагы жашоочусунун үйүндө издөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында издөө жүргүзүлгөн үйдөн “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун 21 ар кандай баракчасы, 2 китеп жана аталган экстремисттик уюмуна үгүттөөчү материалдары бар 1 ноутбук табылган.

Аталган факт боюнча юридикалык баа берүү үчүн бардык материалдар тийиштүү тараптарга жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан