Кыргызстанда электр энергиясын бөлүштүрүүчү 18-19 ортомчу компания бар. Муну парламенттин 22-майдагы жыйынында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев билдирди. Депутаттар электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар жылдан киреше менен чыгып, Энергетика министрлиги чыгашага иштеп жатканын айтышты. Буга министрдин орун басары “Ортомчу компаниялардын менчик жабдуулары бар. Мисалы, көмөк чордон же электр линиясын убагында менчиктештирип алышкан. Алардын лицензиясын алып коюуга укугубуз жок” деп жооп берди.
Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулууда.