Чет элдик басылмалардын 22-май күнү жазып чыккан маалыматына ылайык, Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан "Хорог шаарындагы баш аламандыкты уюштурду" деп шектелип бир нече адам кармалды.
Белгилүү болгондой, камакка алынбагандар кармалган тарапташтарын бошотууну талап кылышууда. Укук коргоо органдары алардын бошотулбашы тууралуу айтып чыгышты.
"Баш аламандык учурундагы укук коргоо органдарынын курал колдонгонун тийиштүү органдар текшерүүгө алышат. Азыркы тапта Хорог аймагына кошумча күч талап кылынбайт жана мобилизациялоонун кажети жок. Жергиликтүү тургундар мыйзам бузган адамдарга өз алдынча чара көрө алышат" деп айтылат маалыматта.
Тажикстандын Хорог шаарындагы жаңжал кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда чыккан. Анда кыжырданган тургундар ички иштер органдарынын, прокуратуранын жана облустук прокуратуранын имаратын өрттөп салышкан. Баш аламандык учурунда 2 адам каза болуп, 6 адамдын жаракат алганы атылууда.