Бишкекте 9 жаштагы эки бала "43 жаштагы айымдын иш бөлмөсүнөн капчыгын уурдаган" деп шектелишүүдө

Бишкекте 9 жаштагы эки бала "43 жаштагы айымдын иш бөлмөсүнөн капчыгын уурдаган" деп шектелишүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 43 жаштагы Аида аттуу айым милиция бөлүмүнө кайрылып, өзү иштеген мектептеги иш бөлмөсүнөн белгисиз адамдар 4500 сом акча салынган капчыгын уурдап кетишкендигин кабарлаган. Көрүлгөн аракеттердин жыйынтыгында бул кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган Рыскелди жана Элнур аттуу балдар кармалган. Аталган балдар ата-энелеринин коштоосунда милиция бөлүмүнө алынып келинген. Иликтөө жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dadin
2014-05-22 10:30:28
"Болор бала богунан" демекчи,азыртадан ууру болсо, кийин кандай болот экен?
-1
Mahabat88
2014-05-22 10:53:55
Жаш балдар билмек беле ошону андан башка кылмышкерлерди кармагылачы кайдагыны айтпай
+1
Mamalagym.
2014-05-22 11:07:24
Ишенбейм! Кантип эле ушундай болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан