Абдырахман Маматалиев: “Тажикстан, Өзбекстан менен мамилебиз жакшы эле”

“Тажикстан жана Өзбекстан менен мамилебиз жакшы эле”,- деп билдирди ЖКнын 22-майдагы жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев. Депутаттар аталган өлкөлөр кыргыз бийлигин тоготпой жатканын айтып сындашкан эле. Маматалиев буга макул эмес.

“Эки өлкө менен тең мамилебиз жакшы. Вице-премьер-министрлердин деңгээлинде тынымсыз сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Телефон аркылуу апта сайын байланышып жатабыз. Биздин кызматкерлер чек ара маселеси боюнча Өзбекстанга барып келишкен. Аларды биздин өлкөгө чакырганбыз, жолугушуулар өтөт. Чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча алдыга жылыштар болуп жатат”,- деди вице-премьер.

Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан