Баткен: Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун курулушу бир аптанын ичинде башталат

Баткен облусундагы Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун курулушу бир аптанын ичинде башталат. Муну парламенттин 22-майдагы жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Айтымында, аталган жолдун курулушу боюнча Кыргызстан менен Тажикстан бир чечимге келди. “Жакында болгон сүйлөшүүдө жолдун курулушун 2 аптанын ичинде баштоону макулдашканбыз. Бир апта өттү. Жолдун курулушу жакында башталат. Болбоду дегенде 10-июнга чейин башталып калат. Бул жолду куруп бүтүрөбүз”,- деди Маматалиев. 

Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан