Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Восход кичи районунда жайгашкан жаратылыш газын сактоочу жайды мыйзамсыз казып кеткен жаранга чара көрүүнү талап кылышып, 60ка жакын жергиликтүү жашоочулар шаардык кеңешке арыз менен кайрылышты. Маалыматка ылайык, 2011-жылы Чолпон-Атадагы "Кыргызгаз" ААКсы өткөргөн тендердин жеңүүчүсү Ж.Кубатов аттуу адам мыйзамсыз түрдө 2-3 ай ичинде Каракол шаарындагы 6 жаратылыш газын сактоочу жайды казып алып кеткен. Ага эл нааразы болуп, бир нече ирет арыз жазууга аргасыз болушкан. Газ сактоочу жайды казуудан мурун мүлк ээси деп эсептелген жергиликтүү эл менен келишим түзүлүш керек. Ж.Кубатов Чолпон-Ата шаарындагы тендердин жеңүүчүсү болгондуктан, Каракол шаарындагы газ сактоочу жайга эч кандай тиешеси жок экендигин айтышат арыздануучулар. Учурда элден түшкөн арыздар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, каралып жаткандыгы белгилүү болду.