Депутаттар айлыктарды көтөрмөйүнчө электр энергиясынын баасын кымбаттатпоону сунушташууда

Парламенттин 22-майдагы жыйынында депутат Уланбек Нуркулов өлкөдө электр энергиясынын баасын көтөрүүгө эрте экенин билдирди. Айтымында, калк буга даяр эмес.

“Орусияда айлыктын орточо көлөмү 1000 доллар. Бизде 5-6 миң сом. Алгач айлыктарды көтөрүп, андан кийин электр энергиясынын баасын көтөрсөк болот. Ошондо анын таасири калкка көп билинбей калмак”,- деди депутат.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев электр энергиясына бааны көтөрүү боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлигинин сунушу өкмөткө келип түшө электигин билдирди.

Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан