“Кыргызстандын бийлигинде жана жетекчи кызматтарында аялдардын бар болгону кубандырат”,- деп айтты бүгүн, 22-майда “Аялдардын тынчтыкты колдоо демилгеси” аттуу форумунун жүрүшүндө ЖКнын депутаты Наталья Никитенко.
Анын айтымында, республиканын аймактарындагы көйгөйлөрдү чечүүгө аялдар чоң салымын кошуп жатышат. “Сиздер жакшы демилгелерди сунуштап, аларды ишке ашырып, улуттар аралык биримдикти сактоого жардам берип жатасыздар. Тынчтык айылдарда, үй-бүлөдө болсо, жалпы өлкөбүздө да болот”,- деп айтты эл өкүлү.