Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги Кыргызстанда электр энергиясынын баасын 2 сом 20 тыйынга көтөрүүгө макул эмес. Муну парламенттин 22-майдагы жыйынында аталган агенттиктин башчысы Бабырбек Жээнбеков билдирди. Айтымында, бааларды көтөрүүдөн мурун тармактагы уурдоолорду азайтуу керек.
“Электр энергиясынын баасын Энергетика министрлиги айтып жаткандай 2 сом 20 тыйын эмес, 10-15 тыйынга, жок дегенде 1 сомго чейин кымбаттатууга мүмкүнчүлүк бар. Эң негизгиси электр энергиясындагы жоготууларды азайтуу зарыл”,- деди ал.
Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулууда.