Америкада 41 жаштагы жаран "аялын 10 жыл туткунда кармаган" деп шектелүүдө

АКШда 41 жаштагы жаран "аялын 10 жыл туткунда кармаган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда чет элдик маалымат каражаттары кабарлашууда.

Маалыматтарга таянсак, АКШнын 41 жаштагы Исидро Гарсиа аттуу жараны 2004-жылы 15 жаштагы кызды баңгизатына мас кылып, Комптон аймагына алып кетип калган. Ошол эле жылы Санта-Ан полициясы жоголгон кыздын апасы берген маалыматтын негизинде издөө жүргүзүшүп, таба алышкан эмес. Арадан 10 жыл өткөндөн кийин Гарсианын туткунунда жүргөн кыз аны уурдаган адамдан эки балалуу болуп калганда өзүнүн бир тууган эжесине “Facebook” социалдык тармагы аркылуу кат жазып, жыйынтыгында полиция Исидро Гарсианы колго түшүргөн. Учурда 25 жашка чыгып калган кыз уурдап кеткен күйөөсү ага жасалма паспорт даярдап бергендигин жана ушул жылдар аралыгында аны ар түрдүү ыкмалар менен коркутуп жанында алып жүргөндүгүн айткан.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан